Коопсуздук кызматы өлкө аймагына бажы төлөмдөрүсүз киргизилген унааларды кармады
Өлкө аймагына бажы төлөмдөрүн төлөбөй киргизилген автоунаалар кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
2018-жылдын августунан бери жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында мурда 304-берене (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 315-берене (кызматтык жасалмалуулук), 350-берене (мамлекеттик документтерди жасалмалоо) жана 204-берене (аткезчилик) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында өлкөгө мыйзамсыз киргизилген «Lexus», «Volvo», жана «Toyota-Camry» үлгүсүндөгү автоунаалар аныкталып, кармалды.
Бул унаалар бажы төлөмдөрүсүз киргизилип, кийин мыйзамды бузуу менен Мамлекеттик каттоо кызматында катталган. Мунун кесепетинен мамлекетке 3 млн. 500 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилген. Кылмыш ишти иликтөөнүн жүрүшүндө казынага 1 млн. 388 миң сом кайтарылды.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: